21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Нурдан Орунтаев: Курулушу создугуп кеткен социалдык объектилердин тагдыры чечилет

Нурдан Орунтаев: Курулушу создугуп кеткен социалдык объектилердин тагдыры чечилет

• 1 мүнөт окуу • 316 көрүү

Zobolo — Быйылкы жылы республика аймагындагы курулушу создугуп кеткен бардык социалдык объектилердин тагдыры чечилип, бүткөрүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Улукбек Карыбек уулу курулушу аягына чыкпай жаткан социалдык объектилер боюнча маселе көтөргөн.

Республиканын аймагында курулушу создугуп кеткен көптөгөн имараттар бар болчу, быйыл аягына чыгабыз, болгону иши сотто каралып жаткан 3-4 гана объект калып калышы мүмкүн. Президенттин тапшырмасы боюнча, мындан ары курулуш создукпай, 1-1.5 жылдын ичинде соңуна чыгышы керек, — деди министр.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул сөздү толуктап, азыр негизги көңүл мурда башталып, бирок бүтпөй жаткан объектилерге буруларын, алар толук бүтмөйүнчө жаңы курулуштар башталбай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда парламентте 2027-жылдын бюджет долбоору каралып жатат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар