Президент убадасын аткарды: Идрис Кадыркулов Украинадагы элчилик кызматынан бошотулду
Zobolo — Бүгүн, 13-ноябрда Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кызматынан бошотулганын президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Кадыркулов бул кызматка 2022-жылдын 25-январында дайындалган.
Белгилей кетсек, жакында президент Садыр Жапаровдун Москва районунун тургундары менен жолугушуусунда Идрис Кадыркуловдун дарегине ар кандай маалыматтар айтылган. Анда Президент Кадыркуловго байланыштуу жагдайды өз көзөмөлүнө аларын билдирген болчу.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын элчиси менен салык чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулады
Zobolo
179
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү