21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Чет өлкөлүк жарандын 1 миллион долларын карактап кеткендер кармалышты

Чет өлкөлүк жарандын 1 миллион долларын карактап кеткендер кармалышты

• 1 мүнөт окуу • 282 көрүү

Zobolo — Бишкек шаарында чет өлкөлүктөргө карата каракчылык кол салуу катталды. Бул тууралуу күч структураларындагы кызматкерлер билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-ноябрда саат 16:00 чамасында Лев Толстой көчөсүндө белгисиз адамдар КЭРдин (Кытай) жарандарына кол салып, 1 миллион АКШ долларын тартып алышкан. Андан соң, шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, шектүүлөр коңшу мамлекеттин аймагында буга чейин эле кармалышкан. Учурда тиешелүү тергөө амалдары уланууда.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар