Ала-Арчадагы кайгылуу окуянын караңгы бети ачыкка чыга баштады
Zobolo — Ала-Арча капчыгайында каза тапкан жаш өспүрүм Амир Кунакуновдун улуу агасы Азим Кунакунов маалымат жыйынын өткөрүп, издөө-куткаруу операциясынын жүрүшүнө карата олуттуу суроолору бар экенин сөз кылды. Анын айтымында, үй-бүлө куткаруучулардын аракеттерине жана кабыл алынган чечимдерге толук жооп ала элек.
Азим Кунакунов келтирген окуялардын хронологиясы төмөнкүдөй:
-
7-ноябрь, саат 19:02 — ӨКМге Амирден жардам сураган биринчи телефон чалуу түшкөн.
-
19:02 – 19:30 — Амир байланышта болуп, өзүнүн геолокациясын төрт жолу жиберген.
-
Саат 21:58 — Амирдин WhatsApp тармагындагы акыркы активдүүлүгү катталган (ал учурда апасы тынчсызданбашы үчүн "2ГИС" тиркемесиндеги геолокациясын өчүрүп койгон болчу).
-
Кечиккен жардам — Үй-бүлөнүн маалыматы боюнча, биринчи кайрылуудан кийин дээрлик беш саат өткөндөн кийин гана издеп чыгууга эки куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар акыркы чекитке жете албай, бир кызматкер кошумча күч сурап артка кайткан.
-
8-ноябрь, таңкы саат 06:00 — Альпинисттер тоодон кошумча топту чакырууга түшүп келе жаткан ӨКМ кызматкери менен жолуккан.
-
8-ноябрь, кечки саат 18:00 — ӨКМ кызматкерлери баланын апасына активдүү издөө иштери токтотулганын кабарлашкан.
Волонтерлордун жардамы жана сөөктүн табылышы
ӨКМ издөөнү токтоткондон кийин ишке ыктыярчылар кошулган. Алар кызматкерлерден геолокация маалыматтарын сурашканы менен керектүү маалымат дароо берилген эмес. Мындан кийин издөөнү волонтерлор улантып, ӨКМ кызматкерлери дистанциондук түрдө гана байланышта болушкан.
9-ноябрда волонтер Ильяр Бакаев тиешелүү геомаалыматтарды алып, Электро чокусу тарапка багыт алган. Саат 15:45те ал маркум Амирдин сөөгүн таап чыккан.
"Эмне үчүн жардамга баардык зарыл күчтөр токтоосуз тартылган жок? Эмне үчүн ошол маалда тоодо жүргөн башка куткаруучулар, альпинисттер же волонтерлор оперативно чакырылган жок?" — деди Азим Кунакунов.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү