«Кемпир-Абад ишинен» акталган Клара Сооронкулова президенттик жарышка кошулду
Zobolo — Конституциялык соттун мурдагы судьясы, белгилүү саясатчы Клара Сооронкулова президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип, бүгүн, 12-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) расмий арыз тапшырды.
57 жаштагы Клара Сооронкулова буга чейин бир катар жооптуу мамлекеттик кызматтарда эмгектенген. Ал 2010–2011-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ал эми 2011–2015-жылдары Конституциялык палатанын судьясы болуп иштеген. Ошондой эле 2020-жылкы парламенттик шайлоодо «Реформа» партиясын жетектеп барган жана 2021-жылдагы президенттик шайлоого да талапкер катары катышкан.
Белгилей кетсек, саясатчы буга чейин коомдук-саясий ишмердүүлүгүндө бир катар саясатчы жана активисттер менен кошо «Кемпир-Абад иши» боюнча айыпталып, кийинчерээк райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан акталган.
Талапкерлердин саны көбөйдү
Боршайкомго арыз бергендердин катары күн санап толукталууда. Клара Сооронкуловадан тышкары президенттик жарышка катышуу үчүн арыз берген жарандардын жалпы саны 11 кишиге жетти:
-
Садыр Жапаров
-
Мамбетжунус Абылов
-
Бактыбек Калмаматов
-
Бактыбек Адылов
-
Айба Амур Медер
-
Исхак Масалиев
-
Сыймык Жапыкеев
-
Аймен Касенов
-
Акай Кыдыров
-
Азамат Эсенбеков
-
Клара Сооронкулова
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлерди каттоо процесстери жана тиешелүү документтерди кабыл алуу ушул сыяктуу этаптар менен уланууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү