Оңой байыгысы келген жаштар өз элинин капчыгын тоноп, бат эле кармалышты
Zobolo — Кыргызстанда электрондук капчыктардан чоң суммадагы акча каражатын мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелген жарандар кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 11,5 миллион сомдон ашат.
Иликтөө маалыматтарына караганда, шектүүлөр акчаны бир нече электрондук транзакциялар аркылуу которуу жолу менен чыгарып турушкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери төмөнкү төрт жаранды кармашты:
-
Ш. А. Т. жана К. Н. Н. (2004-жылы төрөлгөн);
-
Ш. Т. Ш. жана Т. Б. А. (1996-жылы төрөлгөн).
Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
230
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү