Тил сынагынан өтпөй калган Суваналиев кимдин командасына кошулду?
Zobolo — Милициянын генерал-майору жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев алдыдагы президенттик шайлоодо Исхак Масалиевдин талапкерлигин колдой турганын расмий билдирди.
Анын айтымында, бул чечим ал кыргыз тили боюнча сынактан өтпөй калгандан кийин кабыл алынган. Суваналиев Масалиевди тажрыйбалуу жана күчтүү атаандаш катары баалай турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин саясатчы Адахан Мадумаров да «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Исхак Масалиевди колдой турганын кабарлаган болчу.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын элчиси менен салык чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулады
Zobolo
179
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү