Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын деңгээлинде өткөрүү сунушталды
Zobolo — 2028-жылы белгиленүүчү залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын деңгээлинде өткөрүү зарыл. Бул тууралуу депутат Медербек Чотонов 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнө коомчулугунун көңүлүн Кыргызстанга бура алды, андыктан жазуучунун мааракеси дагы ошондой эле масштабдуу эл аралык деңгээлде өтүшү керек.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүткүл дүйнөнүн көңүлүн Кыргызстанга бурду. Менин оюмча, Чынгыз Төрөкуловичтин 100 жылдыгын дагы так ушундай деңгээлде, дүйнөлүк деңгээлде өткөрүү зарыл, - деди Чотонов.
Ал кошумчалагандай, сунушталган бюджеттик материалдарда республикалык маанидеги иш-чараларга 1,2 миллиард сом каралган.
2028-жылы бул мааракени татыктуу өткөрүү керек, - деп баса белгиледи депутат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү