21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Эл артисти Каныкей Эралиеванын юбилейлик мааракесине бийлик өкүлдөрү катышты

Эл артисти Каныкей Эралиеванын юбилейлик мааракесине бийлик өкүлдөрү катышты

• 1 мүнөт окуу • 116 көрүү

Zobolo — Кечээ, 12-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында КР Эл артисти, белгилүү композитор жана ырчы Каныкей Эралиеванын юбилейлик мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Эркинович жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышты.

Министр Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө Каныкей Эралиеванын кыргыз музыка искусствосундагы ордуна токтолуп, анын чыгармачылыгы улуттук маданияттын баалуу мурасы экенин белгиледи. Ошондой эле белгилүү композитор жана ырчынын чыгармачылык эмгегине жогору баа берип, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Салтанаттын жүрүшүндө Каныкей Эралиеванын улуттук маданиятты жана музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык чыгармачылык жолу белгиленип, анын өнөрү даңазаланды.

Юбилейлик кечеде көрүүчүлөргө майрамдык концерттик программа тартууланып, Каныкей Эралиеванын белгилүү чыгармалары аткарылды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар