21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Экс-депутат Чыңгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Экс-депутат Чыңгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

• 1 мүнөт окуу • 151 көрүү

Zobolo — Мурдагы депутат Чыңгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Маалым болгондой, иш кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу эмес, кылмыш окуясынын болбогондугуна байланыштуу кыскартылган.

Чыңгыз Айдарбеков бул кылмыш ишинин козголушуна токтолуп, «Кыргызстандын эли бул кылмыш ишинин козголуу себептерин эң сонун түшүнүп турат» деп билдирди.

10-мартта мандат бошоп (Куванычбек Конгантиевден кийин), үч күндүн ичинде аны алышым керек болчу. Арадан 16 күн өткөндөн кийин, 26-мартта кылмыш иши козголгон. 20-октябрда иштин токтотулганы тууралуу токтом кабыл алынып, 27-октябрда мага кылмыш окуясы жок экени тууралуу токтом тапшырышты. Ага чейин мен эки инстанциядагы сотто утуп чыктым. Акыркы чечим толугу менен күчүнө кирди жана кайра кароого жатпайт, — деди ал.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар