Таласта сегизөөлөп бир жигитти темир, жыгач менен сабап кетишти
Zobolo — Талас шаарында 20-ноябрга караган түнү бир жигитти темир жана жыгач менен сабап кетишкенин Талас облустук милициясынан билдиришти.
Тартип сакчыларынын маалыматына ылайык, кол салгандар окуяга алдын ала даярданып келишкен. Жабырлануучу — 26 жаштагы жигиттин арызынын негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 32 жана 31 жаштагы сегиз жергиликтүү тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тергөө иштери улантылууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Бишкекте мыйзам бузган курулуш компаниясына айып салынып, курулуш иштери токтотулду
Zobolo
295
•1 мүнөт окуу
Ала-Арчада 15 жаштагы Амирдин өлүмү боюнча ӨКМдин мурдагы кызматкери кармалды
Zobolo
489
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү