23 Ноябрь Бишкек +12°
Курстар USD 87.47 +0,02% EUR 96.00 +0,03% RUB 1.07 +0,11% KZT 0.1919 -1,24%
Соңку билдирүүлөр
Бишкекте мыйзам бузган курулуш компаниясына айып салынып, курулуш иштери токтотулду

Бишкекте мыйзам бузган курулуш компаниясына айып салынып, курулуш иштери токтотулду

• 1 мүнөт окуу • 296 көрүү

Zobolo — Бишкек шаарындагы Мичурин көчөсү, 163 дарегинде жайгашкан 16 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу убактылуу токтотулганын Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда үч блоктон турган имараттын жер алдындагы эки кабаты толук бүтө электе батирлерди сатуу жана жарнамалоо иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган.

Белгилей кетсек, жаңы талапка ылайык, пайдубал жана жер алдындагы курулуш иштери толук аяктаганга чейин батирлерди сатууга жана үлүштүк курулушка каражат тартууга тыюу салынат.

Мыйзам бузуу фактысы боюнча курулушту жүргүзүп жаткан «Моналит Строй» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды.

Ошондой эле, баардык талаптар толук аткарылганга чейин компаниянын лицензиясы убактылуу токтотулуп, курулуш иштерине тыюу салынды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар