Ошто тургундар көңүл ачуучу жайлардын биринин жанында мас өспүрүмдөр тополоң салганына нааразы болушту
Zobolo — Ош шаарынын тургундары коомдук жайда ызы-чуу салган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумуна нааразычылыктарын билдиришти. Жергиликтүү тургундун мындай кайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды.
Күбөнүн айтымында, Алиев көчөсүндөгү №104 даректе жайгашкан Fly Lounge жайынын жанында 7–8 өспүрүм катуу мас абалында болушкан. Алар көчөнү жаңырта кыйкырышып, тополоң салышкан. Ошондой эле, кыздардын бири эс-учун жоготкон абалда көчөдө жатканы айтылат.
Коомдук тартипти бузууну токтотуу үчүн окуя болгон жерге милиция чакырылган. Учурда окуянын чоо-жайы жана укук коргоо органдарынын чаралары такталууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Бишкекте мыйзам бузган курулуш компаниясына айып салынып, курулуш иштери токтотулду
Zobolo
295
•1 мүнөт окуу
Ала-Арчада 15 жаштагы Амирдин өлүмү боюнча ӨКМдин мурдагы кызматкери кармалды
Zobolo
488
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү