24 Октябрь Бишкек +2°
Курстар USD 87.49 -0,01% EUR 98.00 -0,16% RUB 1.08 +0,26% KZT 0.1946 -0,20%
Соңку билдирүүлөр
2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Мисирге кирүү шарттары өзгөрөт

2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Мисирге кирүү шарттары өзгөрөт

• 2 мүнөт окуу • 137 көрүү

Zobolo — КР Тышкы иштер министрлиги 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Мисир Араб Республикасынын аймагына кирүүгө карата жаңы талаптар күчүнө кирерин жана алар кийинки билдирүүгө чейин колдонуларин маалымдайт. Жаңы талаптар Борбордук Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына да тийиштүү.

Мисирдин компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, өлкөгө кирүүнүн төмөнкүдөй жаңы тартиби киргизилет:

1. Өз алдынча (туристтик операторлордун кызматын пайдаланбастан) саякаттаган жарандар үчүн:

  • Мисирге туристтик оператордун катышуусуз барууну пландап жаткан жарандар кирүү визасын алдын ала Мисирдин Астана шаарындагы Элчилиги же анын чет өлкөлөрдөгү башка өкүлчүлүктөрү аркылуу тариздөөгө, ошондой эле коопсуздук боюнча компетенттүү органдардын алдын ала макулдугун алууга тийиш.

2. Туристтик компаниялар аркылуу барган жарандар үчүн:

  • 16 жаштан 40 жашка чейинки адамдар жакын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири (атасы, апасы, жубайы же баласы) коштоосунда саякаттоого тийиш.

  • Саякатчылардын жанында кеминде 3 000 АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча болушу шарт. Үй-бүлө мүчөлөрү бирдиктүү топ катары чогуу саякаттаган учурда бир үй-бүлөгө талап кылынган накталай акчанын минималдуу суммасы 5 000 АКШ долларын түзөт.

3. Кошумча талаптар:

  • Туристтик компаниялар саякатчылардын мобилдик телефон номерлерин (чет өлкөлүк же мисирдик болуусуна карабастан) каттоого милдеттүү.

  • Туристтик топтор үчүн Мисирде болуунун тиешелүү программасы алдын ала иштелип чыгууга тийиш.

  • Келгенден кийин туристтик компаниялар катышуучулардын паспортторун сактоого алып, өлкөдөн чыгып жатканда гана кайтарып беришет.

  • Эгерде турист катышуучу белгиленген күнү өлкөдөн чыгып кетпесе, компания бул тууралуу Мисирдин тиешелүү органына токтоосуз билдирүүгө тийиш.

  • Туристтик визада көрсөтүлгөн кирүү максатын башка максатка өзгөртүүгө жол берилбейт.

Кыргыз Республикасынын жарандарына сунуштар: ТИМ 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Мисирге сапар пландап жаткандарга виза алуу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөргө алдын ала кайрылууну, авиабилеттерди сатып алуудан мурда актуалдуу талаптарды тактоону жана жаңы эрежелерди толук эске алууну сунуштайт.

  • Мисирдин Астанадагы Элчилигинин байланыштары: +7 (7172) 24-18-30, +7 (7172) 28-60-67, электрондук почтасы: embassy.astana@mfa.gov.eg

  • КР ТИМ Консулдук департаменти: тел. 0999312002.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар