21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Маркум Амирдин эжеси: Баарыбыз өзүбүздү күнөөлөп отурабыз

Маркум Амирдин эжеси: Баарыбыз өзүбүздү күнөөлөп отурабыз

• 1 мүнөт окуу • 235 көрүү

Zobolo — Бүгүн, 10-ноябрда Ала-Арча жаратылыш паркында тоодо калып, каза болгон 15 жаштагы Амирдин сөөгү жерге берилди. Маркумдун эжеси кыргыз элине кайрылып, издөө учурунда жардам берген жарандарга ыраазычылык билдирди жана кайгылуу окуянын чоо-жайын айтып берди.

Маркумдун жакындарынын айтымында, Амир үй-бүлөнүн эң сүйүктүү балдарынын biri болчу. Ошол күнү апасы уруксат бербегендиктен, байкесинен сурап, «бат эле келем» деп кеткен. Бирок анын тоонун чокусуна чыгарын эч ким билген эмес.

Ошол күнү саат 18:00 чамасында классташына чалып, "адашып кеттим, ӨКМге чалсам албай жатат" деп айткан экен. Андан кийин саат 19:30да альпинисттердин тайпасына "Ала-Арчада болсоңор чогуу кетели" деп жазган. Ал акырына чейин ылдый түшөм деп үмүттөнгөн. Негизи, үйдө тоого арналган атайын жабдыктары бар. Мүмкүн, ошол жабдыктарды алып кеткенде баары башкача болмок беле... Кеч аракет кылып калганыбызга баарыбыз өзүбүздү күнөөлөп отурабыз, — дейт маркумдун эжеси.

Ошондой эле ал маалымат тарагандан кийин кайдыгер карабай, издөө иштерине жардамга келген мекендештерге терең ыраазычылыгын билдирди:

Мен кыргыз элине рахмат айтам, анткени биз маалымат берерибиз менен эки саат ичинде алар чогулушуп, бизге жардам беришти, тамак-аш, суу, жадагалса замбилдерге чейин алып келишти.

Эскерте кетсек, Амир 7-ноябрда Ала-Арча капчыгайында адашып кеткенин билдирип, куткаруучулардан жардам сураган. Аны издөө иштери эки күнгө созулуп, 9-ноябрда саат 16:00 чамасында Электро чокусунун жанынан жансыз денеси табылган.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар