6 Ноябрь Бишкек +15°
Курстар USD 87.53 -0,07% EUR 98.30 -0,13% RUB 1.07 +0,10% KZT 0.1943 +0,27%
Соңку билдирүүлөр
Белгилүү окумуштуу, академик Жамин Акималиев дүйнөдөн кайтты

Белгилүү окумуштуу, академик Жамин Акималиев дүйнөдөн кайтты

• 1 мүнөт окуу • 180 көрүү

Zobolo — Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген академик, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Жамин Акималиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Академик өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, көп жылдар бою илиm, билим берүү жана коомдук иштерде жетекчилик кызматтарды аркалаган. Ошондой эле илимий иштерден тышкары чыгармачылык менен да алектенип, обондуу ырларды жараткан.

Өмүр жолу жана эмгеги:

  • Төрөлгөн жылы жана жери: 1936-жылы 5-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында төрөлгөн.

  • Билими: Кыргыз айыл чарба институтун аяктап, эмгек жолун агроном болуп баштаган.

  • Мамлекеттик жана илимий кызматтары: Кыргызстандын айыл чарба министринин биринчи орун басары, Сокулук райондук партия комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз айыл чарба институтунун ректору жана Айыл чарба академиясынын президенти болуп иштеген.

  • Депутаттык ишмердүүлүгү: 1967–1990-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, 1990–1995-жылдары легендарлуу парламенттин, ал эми 1995–2000-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгон.

  • Илимий наамдары: 1981-жылы айыл чарба илимдеринин доктору, 1982-жылы профессор, ал эми 1993-жылы Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги наамын алган. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, үрөнчүлүк жана сугат боюнча көптөгөн илимий эмгектердин автору.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар