6 Ноябрь Бишкек +15°
Курстар USD 87.53 -0,07% EUR 98.30 -0,13% RUB 1.07 +0,10% KZT 0.1943 +0,27%
Соңку билдирүүлөр
Кыргызстанда жашы жете электерге энергетик саткандарга чоң айып пул салуу сунушталууда

Кыргызстанда жашы жете электерге энергетик саткандарга чоң айып пул салуу сунушталууда

• 1 мүнөт окуу • 18 көрүү

Zobolo — Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов жашы жете электерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салып, аны бузгандарга ири өлчөмдө айып пул киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоорунун негизги талаптары:

  • Жашын текшерүү: Соодагер кардардын 18 жашка чыкканынан күмөн санаса, анын өздүгүн тастыктаган документин талап кылууга милдеттүү. Документ көрсөтүлбөсө, суусундукту сатуудан баш тартууга тийиш.

  • Интернет аркылуу сатуу: Онлайн буйрутмаларды жеткирип берүүчү адам да алуучунун жашын текшерүүгө милдеттүү. Жеткирип берип жатканда жашын текшербестен калтырып кетүүгө тыюу салынат.

  • Соода автоматтары: Энергетикалык суусундуктарды автоматтар аркылуу сатууга толук жол берилбейт.

  • Маалымат илүү: Дүкөндөр жана интернет-дүкөндөр 18 жашка чейинкилерге энергетик сатууга тыюу салынганы тууралуу эскертүүнү мамлекеттик жана расмий тилдерде көрүнүктүү жерге милдеттүү түрдө жайгаштырышы керек.

Сунушталып жаткан айып пулдардын өлчөмү:

  • Эскертүү маалыматын жайгаштырбагандарга: жеке жактарга — 1 000 сом, юридикалык жактарга — 5 000 сом;

  • Жашы жете электерге энергетик саткандарга: жеке жактарга — 10 000 сом, юридикалык жактарга — 35 000 сом;

  • Бузуулар бир жыл ичинде кайталанса: жеке жактарга — 20 000 сом, юридикалык жактарга — 55 000 сом;

  • Соода автоматтары аркылуу саткандарга: жеке жактарга — 10 000 сом, юридикалык жактарга — 35 000 сом.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар