5 Ноябрь Бишкек +11°
Курстар USD 87.59 +0,16% EUR 98.43 +0,55% RUB 1.07 -0,25% KZT 0.1937 +0,29%
Соңку билдирүүлөр
Президенттин иш башкармалыгынын чыгашалары 7 эсеге көбөйүп, 23,18 млрд сомго жетет Саламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду Эскисин бүтүрмөйүнчө жаңы объект башталбайт! Курулуш фирмаларына катуу талап койулду Миллиарддык кирешеден баш тартуу: Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну тапшырды 1,5 миң чарчы метр күйдү: "Супара" этнокомплексиндеги өрттүн чоо-жайы Президенттин иш башкармалыгынын чыгашалары 7 эсеге көбөйүп, 23,18 млрд сомго жетет Саламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду Эскисин бүтүрмөйүнчө жаңы объект башталбайт! Курулуш фирмаларына катуу талап койулду Миллиарддык кирешеден баш тартуу: Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну тапшырды 1,5 миң чарчы метр күйдү: "Супара" этнокомплексиндеги өрттүн чоо-жайы
Эскисин бүтүрмөйүнчө жаңы объект башталбайт! Курулуш фирмаларына катуу талап койулду

Эскисин бүтүрмөйүнчө жаңы объект башталбайт! Курулуш фирмаларына катуу талап койулду

• 1 мүнөт окуу • 14 көрүү

Zobolo — Курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрбөгөн компаниялар эми жаңы объектилерди салууга уруксат ала алышпайт. Бул тууралуу Курулуш министри Нурдан Орунтаев аталган тармактагы компаниялардын өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында билдирди.

Министр өз убагында бүткөрүлбөй жаткан объектилер боюнча көйгөйдү катуу көтөрүп, мындай жоопкерчиликсиз компанияларга жаңы курулуштарды баштоого катуу тыюу салуу боюнча тапшырма берди.

Ар бир объект көзөмөлдө болот. Иш создугуп, эл арызданган компаниялар салып жаткан үйлөрдү бүтүрмөйүнчө жаңысын баштабайсыңар! — деди Нурдан Орунтаев.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдө курулушу баштала элек көп кабаттуу үйлөрдөн батирлерди жана коммерциялык жайларды сатууга да расмий тыюу салынган эле. Бул чаралар үлүшчүлөрдүн укугун коргоого жана курулуш тармагындагы тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар