5 Ноябрь Бишкек +11°
Курстар USD 87.59 +0,16% EUR 98.43 +0,55% RUB 1.07 -0,25% KZT 0.1937 +0,29%
Соңку билдирүүлөр
Президенттин иш башкармалыгынын чыгашалары 7 эсеге көбөйүп, 23,18 млрд сомго жетет Саламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду Эскисин бүтүрмөйүнчө жаңы объект башталбайт! Курулуш фирмаларына катуу талап койулду Миллиарддык кирешеден баш тартуу: Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну тапшырды 1,5 миң чарчы метр күйдү: "Супара" этнокомплексиндеги өрттүн чоо-жайы Президенттин иш башкармалыгынын чыгашалары 7 эсеге көбөйүп, 23,18 млрд сомго жетет Саламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду Эскисин бүтүрмөйүнчө жаңы объект башталбайт! Курулуш фирмаларына катуу талап койулду Миллиарддык кирешеден баш тартуу: Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну тапшырды 1,5 миң чарчы метр күйдү: "Супара" этнокомплексиндеги өрттүн чоо-жайы
Миллиарддык кирешеден баш тартуу: Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну тапшырды

Миллиарддык кирешеден баш тартуу: Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну тапшырды

• 2 мүнөт окуу • 13 көрүү

Zobolo — Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу маселесин бир ай ичинде карап чыгууну, ал эми алты айдын ичинде мыйзам чегинде толук жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул чечим жарандардын ден соолугуна зыяндуулугу тууралуу түшкөн кайрылуулардын жана талдоолордун негизинде кабыл алынууда.

Статистика жана сандар:

  • Көлөмү: Кыргызстанда 2025-жылы 54 млн 199 миң литр (болжол менен 129 млн банка) энергетикалык суусундук ичилген. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле 36 млн 083 миң литр (85,9 млн банкага жакын) сатылган.

  • Өндүрүш жана импорт: Быйылкы жылы өлкөдө 25 млн 263 миң литр энергетик өндүрүлүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 28 млн 430 миң литр, ал эми башка мамлекеттерден 1 млн 239 миң литр импорттолгон.

  • Бюджетке тийгизген таасири: Бул тармактан былтыр бюджетке 1 млрд 104 млн 100 миң сом, ал эми үстүбүздөгү жылдын алты айында 996 млн 710 миң сом салык жана бажы төлөмдөрү түшкөн. Эгер тыюу салынса, мамлекеттик казына түздөн-түз жана кыйыр салыктардан болжол менен 1,5 млрд сом кирешеден кол жууйт.

Улуттун, жарандардын жана келечек муундун саламаттыгы эч кандай акча менен өлчөнбөшү керек! — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, дүйнөлүк тажрыйбада да мындай кадамдар жасалып жатат. Маселен, Польшада 2024-жылдан тартып 18 жашка чейинкилерге, ал эми Казакстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып 21 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынган.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар