Уят СМС жазганың үчүн камалып калба! Эльвира Сурабалдиева жаңы мыйзам сунуштады
Zobolo — Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева сексуалдык ыдык жана мажбурлоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Негизги жоболор:
-
Ыдык көрсөтүү: Адамдын макулдугусуз денесине тийүү, өбүү, сылоо, чымчуу, сексуалдык мүнөздөгү сөздөрдү айтуу, адепсиз жаңсоолорду жасоо, ошондой эле телефон аркылуу ыплас сөздөрдү айтып, сүрөт, видео же аудио жөнөтүү ыдык катары каралат. Мындан тышкары, мамиле түзбөй койсо кодулоо да ушул категорияга кирет.
-
Ыдык көрсөткөндөр үчүн жаза: 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу же 3 суткадан 7 суткага чейин камакка алуу сунушталууда.
-
Кайталанса: Эгерде мындай аракеттер жаза алгандан кийин бир жыл ичинде кайталанса же соттун чектөөлөрү күчүндө турганда жасалса, 2 жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
-
Төшөк мамилесине мажбурлоо: Шантаж кылып, материалдык же башка көз карандылыкты пайдаланып, адамды сексуалдык мамилеге мажбурлагандарды 2 жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү