1,5 миң чарчы метр күйдү: "Супара" этнокомплексиндеги өрттүн чоо-жайы
Кечээ түнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак капчыгайында жайгашкан «Супара» этнокомплексинде ири өрт катталды. Тилсиз жоонун кесепетинен үч кызматкер иске ууланып, ооруканага жеткирилди.
Zobolo — Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кырсыктан жабыркаган үч адамга жеринде тез жардам көрсөтүлүп, алардын экөө үйүнө чыгарылды, ал эми бир кызматкер стационарга жаткырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, өрт түн ортосунда саат 01:10до толук чектөөгө алынган. Кырсыктын жалпы аянты болжол менен 1,500 чарчы метрди түзгөн. Оттун күчүнөн ашкананын 350-400 чарчы метр жер тилкеси, бир чоң жана ага жакын турган эки чакан боз үй толугу менен күйүп кеткен. Ал эми Ички иштер министрлиги жыгачтан жасалган бир боз үй өрттөнгөнүн тактады.
Маалыматка ылайык, аталган ашканада күн сайын 15ке жакын адам эмгектенет. Бактыга жараша, тилсиз жоо башталган маалда ал жерде эч ким болгон эмес, бул олуттуу курмандыктардын алдын алды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык зыяндын көлөмү такталууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү