5 Ноябрь Бишкек +10°
Курстар USD 87.59 +0,16% EUR 98.43 +0,55% RUB 1.07 -0,25% KZT 0.1937 +0,29%
Соңку билдирүүлөр
Онкология борборуна жасалма интеллект менен жабдылган заманбап УЗИ аппараттары орнотулду Президенттин иш башкармалыгынын чыгашалары 7 эсеге көбөйүп, 23,18 млрд сомго жетет Саламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду Эскисин бүтүрмөйүнчө жаңы объект башталбайт! Курулуш фирмаларына катуу талап койулду Миллиарддык кирешеден баш тартуу: Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну тапшырды Онкология борборуна жасалма интеллект менен жабдылган заманбап УЗИ аппараттары орнотулду Президенттин иш башкармалыгынын чыгашалары 7 эсеге көбөйүп, 23,18 млрд сомго жетет Саламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду Эскисин бүтүрмөйүнчө жаңы объект башталбайт! Курулуш фирмаларына катуу талап койулду Миллиарддык кирешеден баш тартуу: Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну тапшырды
Саламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду
Дамирбек Осмонов

Саламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду

• 1 мүнөт окуу • 16 көрүү

Zobolo — Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин толугу менен колдоого алды. Министр бул кадамды улуттун генофондун сактап калууга багытталган тарыхый чечим катары баалады.

Осмоновдун айтымында, өлкөдө жыл сайын 54 миллион литрден ашык химиялык суусундуктар ичилип, бул жаштардын ден соолугуна, атап айтканда жүрөк, бөйрөк ооруларына жана кант диабетине алып келүүдө. Ошондой эле ал алты айдын ичинде бул суусундуктарды сатууну чектей турган мыйзамдык чаралар иштелип чыгарын билдирди.

Буга чейин президент Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салуу маселесин тез арада карап чыгууну тапшырган болчу.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар