Өмүрүн кыргыз телерадиосуна арнаган Бурулуш Батаканова дүйнөдөн кайтты
Zobolo — Кыргыз Республикасынын байланыш тармагынын эмгек сиңирген кызматкери, «Даңк» медалынын ээси Батаканова Бурулуш Топчиевна 67 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Өмүр жолу жана эмгек ишмердүүлүгү:
-
Төрөлгөн жылы жана жери: 1959-жылы 1-мартта Нарын шаарында төрөлгөн.
-
Билими: 1981-жылы Ташкент электротехникалык байланыш институтун аяктаган. 2002-жылы Кыргыз мамлекеттук улуттук университетинин экономика факультетин «Менеджмент» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
-
Эмгек жолу: Кырк жылдан ашуун өмүрүн телерадио тармагына арнап, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборборунда инженерден башкы инженерге чейинки жооптуу кызматтарды аркалаган. 2022-жылдын ноябрынан тартып радиоберүү жана үн жаздыруу цехинин башчысы болуп иштеп келген.
Өлкө телерадиосуна кошкон зор салымы:
-
Анын жетекчилиги астында 1995–1996-жылдары Концерттик телестудиянын жабдууларын орнотуу жана ишке киргизүү иштери өз күчтөрү менен алгачкылардан болуп аткарылган.
-
2009–2010-жылдары санариптик телеберүүгө өтүү алдында 4,5 чакырымдык була-оптикалык байланыш линиясынын долбоорун ишке ашырууга жетекчилик кылган.
-
Кыргыз радиосунун «Миң-Кыял FM» каналын республиканын бардык аймагына жайылтууга, ошондой эле «Ала-Тоо» маалымат студиясын жана башка радиотехникалык студияларды модернизациялоого түздөн-түз катышкан.
-
«Манас» эпосунун 1000 жылдыгы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, президенттердин инаугурациялары жана эл аралык саммиттер сыяктуу ири коомдук-саясий иш-чаралардын түз эфирде жогорку техникалык деңгээлде чагылдырылышын камсыздаган. УТРКнын Алтын фондун санариптештирүү иштерине чоң салым кошкон.
Мамлекеттик сыйлыктары:
-
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1995-ж.);
-
«Кыргыз Республикасынын байланыш тармагынын эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамы (2007-ж.);
-
Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы (2018-ж.);
-
Ошондой эле «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси жана бир катар кесиптик сыйлыктардын ээси болгон.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаркын элеси ар дайым эсте сакталат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү