6 Ноябрь Бишкек +15°
Курстар USD 87.53 -0,07% EUR 98.30 -0,13% RUB 1.07 +0,10% KZT 0.1943 +0,27%
Соңку билдирүүлөр
Исхак Масалиев президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Исхак Масалиев президенттикке талапкерлигин көрсөттү

• 1 мүнөт окуу • 133 көрүү

Zobolo — Бүгүн, 6-ноябрда саясатчы Исхак Масалиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү ниети менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) расмий түрдө кайрылды.

Белгилей кетсек, БШК президенттикке талапкер боло турган жарандардын арыздарын 13-ноябрга чейин кабыл алат.

Исхак Масалиев тууралуу маалымат:

  • Жашы: 66да.

  • Билими: 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин, ал эми 1994-жылы юридикалык факультетин аяктаган.

  • Эмгек жолу: Ишмердүүлүгүн 1982–1986-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп баштаган.

  • Мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы: 1989–1993-жылдары Ош облусунун ички иштер органдарында, ошондой эле Бажы кызматында эмгектенген.

  • Депутаттык ишмердүүлүгү: 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, кийинчерээк парламенттин үч чакырылышынын депутаттыгын аркалаган.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар