6 Ноябрь Бишкек +15°
Курстар USD 87.53 -0,07% EUR 98.30 -0,13% RUB 1.07 +0,10% KZT 0.1943 +0,27%
Соңку билдирүүлөр
Лейлектин акими Кара-Балта шаарына мэр болуп дайындалды

Лейлектин акими Кара-Балта шаарына мэр болуп дайындалды

• 1 мүнөт окуу • 17 көрүү

Zobolo — Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын мэри болуп Жеңишбек Асылбек дайындалды. Бул тууралуу тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы мэр тууралуу маалымат:

  • Жашы: 38де.

  • Мурдагы кызмат орду: Былтыр август айынан бери Баткен облусунун Лейлек районунун акими кызматын аркалап келген.

  • Эмгек жолу: Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК), Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде, Энергетика министрлигинде, ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде иштеген тажрыйбасы бар.

Белгилей кетсек, Кара-Балта шаарынын мурдагы мэри Алмазбек Исаков сентябрь айында ээлеген кызмат ордунан бошотулган эле.

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар