21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Альпинисттер 4 жыл күткөн чечим: Ала-Арчада күнү-түнү иштеген куткаруу кызматы пайда болот

Альпинисттер 4 жыл күткөн чечим: Ала-Арчада күнү-түнү иштеген куткаруу кызматы пайда болот

• 1 мүнөт окуу • 234 көрүү

Zobolo — Баш калаадагы Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында куткаруу кызматы туруктуу иштей турган эл аралык туристтик борбор курулаарын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, учурда бул борбор үчүн ылайыктуу жер тилкеси тандалып жатат. Анда кеминде сегиз куткаруучу күнү-түнү нөөмөттө туруп, аймактагы кырдаалды көзөмөлдөйт. Алардын төртөө түздөн-түз куткаруу иштерин жүргүзсө, калган төртөө башка өзгөчө кырдаалдарга даяр турат. Кубатов мындай борборлорду тоо туризми өнүккөн башка аймактарда да ачуу зарылдыгын белгиледи. Альпинисттер бул маселени төрт жыл мурун эле көтөрүшкөн.

Эске сала кетсек, буга чейин 7-ноябрда 15 жаштагы Амир Кунакунов Ала-Арча капчыгайындагы Электро чокусуна жакын жерде дайынсыз жоголуп, 9-ноябрда сөөгү табылган. Бул кайгылуу окуя коомчулукта тоолордогу коопсуздук жана куткаруу кызматтарын тез арада уюштуруу маселесин курч койгон эле.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар