Эльдар Жакыпбековдун соту жабык эшик артында өтөт
Zobolo — УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Эльдар Жакыпбековдун кылмыш иши сотко жетти. Иштин материалдарына «жашыруун» грифи ыйгарылгандыктан, сот отуруму жабык эшик артында өтмөкчү.
Эске сала кетсек, Эльдар Жакыпбеков 2026-жылдын 15-февралында коррупцияга шектелип кармалган. Тергөө иштерин Аскер прокуратурасы жүргүзгөн.
Кийинчерээк УКМК тергөөнүн версиясы боюнча Эльдар Жакыпбеков атайын кызматтын кызматкерлеринен жана жарандык адамдардан турган туруктуу коррупциялык топ түзүп, анын катышуучулары мыйзамсыз баюу менен алектенишкенин билдирген.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
229
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү