21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Сыдыгалиев Амирдин өлүмү ӨКМдеги башкаруу системасынын кемчиликтерин ачык көрсөткөнүн билдирди

Сыдыгалиев Амирдин өлүмү ӨКМдеги башкаруу системасынын кемчиликтерин ачык көрсөткөнүн билдирди

• 3 мүнөт окуу • 993 көрүү

Zobolo — Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев коомчулукта резонанс жараткан Амир аттуу боз уландын тоодо каза болушу боюнча терең кайгыруу менен пикирин билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигинин жана башкаруу системасынын ишин катуу сынга алды. Эл өкүлү маалыматты өз убагында иштетүү, издөө-куткаруу иштерин уюштуруудагы ыкчамдык жетишсиз экенин белгилеп, Таласта каза болгон водолаздын өлүмү боюнча да принципиалдуу баа берилиши керектигин талап кылды.

Билдирүүнүн толук тексти:

ӨКҮНҮЧТҮҮ КЫРСЫК БОЛДУ!

Учурда коомчулукта кеңири талкууланып жаткан Амир аттуу баланын өлүмү баарыбыздын жан дүйнөбүздү зыркыратып жатат. Баланын ээн талаада, тоо чокусунда, жардамсыз жана жалгыз өмүрү үчүн күрөшүп жатып каза болгону тууралуу ойлогондо, ата катары жүрөгүм эзилет. Ар бир ата-эне балдарынын коопсуздугу жана келечеги үчүн тынчсызданат. Бул окуя «Биз ишенген Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өз убагында коргой албайбы?» деген олуттуу суроону жаратууда.

Баарыбызга маалым болгондой, мен ӨКМде министрдин орун басары болуп иштеп турган мезгилде азыркыдай техникалык каражаттар жана жабдуулар жетишсиз болчу. Учак тууралуу айтпай эле коёюн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги милдети — адам өмүрүн сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жардам көрсөтүү. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого чоң колдоо көрсөтүлдү. Заманбап жабдуулар, дрондор, инженердик жана авариялык-куткаруу техникалары алынды. Эми ошол мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланып, ишти туура уюштуруу талап кылынат. Тилекке каршы, Амир балабыздын өлүмү бул багытта олуттуу кемчиликтер бар экенин көрсөттү.

Ыкчам маалымат Кризистик башкаруу борборуна түшкөн замат, биринчи кезекте оператор-инженер бала менен байланышып, анын турган жерин так аныктап, зарыл кеңештерди берип, жардам уюштуруларын билдириши керек эле. Андан соң маалымат ыкчам нөөмөт башчысына жеткирилип, өзгөчө кырдаал боюнча карточка ачылып, борбордун жетекчилигине, министрдин тиешелүү орун басарына жана министрге бекитилген алгоритм боюнча ыкчам жеткирилиши зарыл болчу.

Маалымат түшкөндөн кийин 30 мүнөттүн ичинде куткаруучулардын алгачкы ыкчам тобу жардамга чыгышы керек эле. Министр кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, тиешелүү тапшырмаларды берип, зарыл болсо тик учакты да тартуу боюнча чечим кабыл алышы зарыл болчу. Тик учак жок болгон күндө да башка мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек эле. Баланын телефону өчүп калган учурда Ички иштер министрлиги жана байланыш операторлору менен биргеликте анын турган жерин аныктоо маселеси ыкчам каралышы керек болчу.

Бул жерде издөө-куткаруу иштерин уюштуруудагы ыкчамдыктын, өз ара аракеттенүүнүн жана практикалык даярдыктын жетишсиздиги байкалууда. Мындай иштерде ар бир мүнөт адам өмүрүн сактап калууда чечүүчү мааниге ээ экенин унутпашыбыз керек.

Мамлекет тарабынан ӨКМге көрсөтүлгөн чоң колдоого карабастан, аны натыйжалуу пайдалануу жана ишти талаптагыдай уюштуруу маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Менин оюмча, министрликтин жетекчилигинде тармактын өзгөчөлүгүн терең билүү, практикалык тажрыйба жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмү абдан маанилүү. Бул жагынан азыркы жетекчиликтин ишине олуттуу талдоо жүргүзүп, башкаруудагы кемчиликтерди жоюу зарыл.

Мындан тышкары, жайында Талас облусунда ойлонулбастан чыгарылган буйруктун кесепетинен издөө иштерин жүргүзүп жаткан тажрыйбалуу водолаз-куткаруучу каза болгон. Анын өлүмү үчүн ким жооп берет? Үй-бүлөсүнө батир берүү менен маселе чечилди деп эсептейбизби? Адам өмүрүн жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин бир жолку материалдык жардам менен гана баалоого болбойт. Бул окуяга да тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги боюнча принципиалдуу баа берилиши керек.

ӨКМге кызматтын бардык баскычтарынан өткөн, системаны ичинен билген, куткаруу операцияларын уюштурууда практикалык тажрыйбасы бар, ар бир чечимдин артында адам өмүрү турганын түшүнгөн жетекчилер керек.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик жарандык коргонуу системасынын ишинде да бир катар көйгөйлөр байкалууда. Жарандык коргонуу кызматтары менен иш алып баруу, түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү жана ыкчам даярдык маселелери жакшыртууну талап кылат.

Эгерде бул кемчиликтерге өз убагында көңүл бурулбаса, өлкөнүн коопсуздугуна жана жарандардын өмүрүнө түздөн-түз байланышкан маанилүү башкаруу системасынын иши начарлап кетиши мүмкүн.

Адам өмүрү — эң жогорку баалуулук. Ошондуктан мындай кайгылуу окуялардын себептери ар тараптуу иликтенип, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилигине объективдүү баа берилиши керек. Эң негизгиси, мындан туура жыйынтык чыгарып, мындай окуялардын кайталанышына жол бербөө зарыл.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар