21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Мурдагы депутаттын уулу Ала-Арчада тоңуп каза болду

Мурдагы депутаттын уулу Ала-Арчада тоңуп каза болду

• 1 мүнөт окуу • 60 көрүү

Zobolo — Ала-Арча жаратылыш паркында изделип жаткан 15 жаштагы Амирдин сөөгү табылды. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

ӨКМдин маалыматы боюнча, баланын сөөгү Электро чокусу тараптагы таштардын арасынан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм тоңуп каза болгон.

Эске сала кетсек, 7-ноябрда өспүрүм Ала-Арчадагы чуркоо мелдешине катышуу үчүн барган. Бирок жаш курагы жетпегендиктен аны мелдештен четтетишкен, андан соң ал Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Ошол эле күнү кечинде саат 19:00–20:00 аралыгында бала “112” кызматына чалып, адашып калганын кабарлаган. Куткаруучулар геолокация аркылуу анын Электро чокусунун аймагында экенин аныкташкан, бирок эки күнгө созулган издөө иштеринин жыйынтыгында аны аскадан жансыз абалда табышты.

Белгилей кетсек, маркум Амир мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Максат Кунакуновдун уулу болгон. Учурда атасы тергөө абагында жатканына байланыштуу, маркумдун жакындары бийликке кайрылып, атасына уулу менен коштошууга убактылуу мүмкүнчүлүк берүүнү суранышууда.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар