6 Ноябрь Бишкек +15°
Курстар USD 87.53 -0,07% EUR 98.30 -0,13% RUB 1.07 +0,10% KZT 0.1943 +0,27%
Соңку билдирүүлөр
Иттерден жуккан илдет адамды кантип майып кылат?

Иттерден жуккан илдет адамды кантип майып кылат?

• 2 мүнөт окуу • 234 көрүү

Zobolo — Үй шартында мал союп, анын боору менен өпкөсүн көөмп салбастан иттерге берүү адамдардын коркунучтуу эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларына чалдыгуусун кескин жогорулатат. Бул тууралуу Кыргыз илимий-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Максат Ахмеджанов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда билдирди.

Илдет кантип жугат?

Малдын боорунда жана өпкөсүндө мите курттардын личинкалары бар ыйлаакчалар (кисталар) болот. Мындай органдарды жеген иттин организмине мителер түшүп, чоңоёт. Андан соң алар жумурткаларын заң аркылуу сыртка чыгарышат. Короого, бакчага же чөпкө түшкөн жумурткалар кийин адамдын колуна, ал аркылуу организмине өтүп, олуттуу ооруну пайда кылат.

Оорунун коркунучтуу жактары:

  • Кеч аныкталат: Алгачкы баскычында бул илдетти табуу абдан кыйын. Көпчүлүк учурда бейтаптар боорунун 50 пайызы же андан көбү жабыркап калганда гана дарыгерге кайрылышат.

  • Татаал операциялар: Мындай учурда дарылоонун негизги жолу — хирургиялык операция. Көбүнчө боордун жарымын же андан көбүн кесип салууга туура келет.

  • Өлүм коркунучу: Эгер мите курттар жайгашкан ыйлаакчалар кокустан жарылып кетсе, личинкалар башка органдарга тарап кетүү коркунучун туудурат. Убагында дарыланбаса, өлүмгө чейин алып келет.

Адистин сунуштары жана алдын алуу чаралары:

  1. Малды атайын союучу жайларда союу: Ал жерлерде ветеринарлар туруктуу иштеп, мите курттар менен жабыркаган органдарды өз убагында аныктап, коопсуз жок кылышат.

  2. Иттерге профилактика жасау: Иттерге жылына бир-эки жолу сөзсүз түрдө мите курттарга (гельминттерге) каршы дарыларды берип туруу зарыл.

Окумуштуунун айтымында, калк арасында ушундай алдын алуу иштери жүргүзүлө баштагандан бери өлкөдө бул оорулардын саны бир кыйла азайган.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар