6 Ноябрь Бишкек +15°
Курстар USD 87.53 -0,07% EUR 98.30 -0,13% RUB 1.07 +0,10% KZT 0.1943 +0,27%
Соңку билдирүүлөр
Бааны турукташтыруу үчүн 36,6 миллиард сом бөлүнөт

Бааны турукташтыруу үчүн 36,6 миллиард сом бөлүнөт

• 1 мүнөт окуу • 123 көрүү

Zobolo — Кыргызстанда 2026-2027-жылдары товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтыруу боюнча 1000 күндүк иш-чаралар планы бекитилди. Аны ишке ашырууга жалпы 36,6 миллиард сом каржылоо каралды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, бекитилген план 57 иш-чараны камтыйт, анын 32си Айыл чарба министрлигинин карамагына кирип, 29,4 миллиард сом талап кылынат.
Бул чаралар өндүрүштү көбөйтүүгө, продукцияны сактоо жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, мамлекеттик резервди чыңдоого жана бааны турукташтырууга багытталган.

Министрлик баанын өсүшүн тышкы рыноктордогу өзгөрүүлөр, логистиканын кымбатташы, айрым товарлар боюнча импортко көз карандылык жана сезондук фактор менен түшүндүрдү.

Айта кетсек, быйыл июль айына карата керектөө баалары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 6,7 пайызга, ал эми 2025-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 10,7 пайызга өскөн. 

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар