6 Ноябрь Бишкек +8°
Курстар USD 87.53 -0,07% EUR 98.30 -0,13% RUB 1.07 +0,10% KZT 0.1943 +0,27%
Соңку билдирүүлөр
Жалал-Абад облусунда жаңы турак жайлар жана социалдык объектилер ишке берилди

Жалал-Абад облусунда жаңы турак жайлар жана социалдык объектилер ишке берилди

• 1 мүнөт окуу • 136 көрүү

Zobolo — Жалал-Абад шаарында 15 кабаттуу "Асман Резиденс-7" турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Анын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Асман Резиденс-7" 15 кабаттуу 12 блоктон туруп, жалпы 1 065 батирди камтыйт. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы 600 батирлүү "Асман-8" жана Сузак районундагы 312 батирлүү "Асман-14" турак жайлары да салтанаттуу түрдө ачылды.

Мындан сырткары, Төрага Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусундагы дагы 14 объектинин ачылышына онлайн форматта катышты. Алардын катарында:

  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кошумча корпусу;

  • Жаңы мектептер;

  • Гулистан айылындагы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП);

  • Базар-Коргон районундагы кыш заводу;

  • Ноокен жана Сузак райондорундагы спорт жана маданият жайлары бар.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар