Бишкекте мечиттен акча уурдаган шектүү кармалды
Zobolo — Бишкек шаарындагы мечиттердин биринен садака кутусун бузуп ачып, акча уурдоого шектелген жаран кармалганын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирмеге таянсак, окуя 2026-жылдын 29-августунда таңга жуук, саат 04:30дар чамасында болгон. Белгисиз адам мечиттеги садака кутусун мыйзамсыз бузуп, ичиндеги акча каражаттарын алып кеткен. Келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмү азыркы тапта такталууда.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган Б.Д. аттуу жаран колго түшүрүлүп, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү