6 Ноябрь Бишкек +10°
Курстар USD 87.53 -0,07% EUR 98.30 -0,13% RUB 1.07 +0,10% KZT 0.1943 +0,27%
Соңку билдирүүлөр
Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

• 1 мүнөт окуу • 50 көрүү

Zobolo — Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ынтымак Ордодон билдиришти.

Мамлекет башчысы жарандардын кайрылуулары менен таанышып, көтөрүлгөн маселелерди чечүү жолдорун белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга аларды жөнгө салуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүүнү талап кылган маселелерди көтөрүштү.

Негизги темалардын катарында спорттук жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо, мамлекеттик ипотекалык программа боюнча турак жай берүү, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттык сактоо системаларынын маселелери, мунапыс, ошондой эле жер жана мүлк талаштары болду.

Кылмыш иштерине жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланыштуу кайрылуулар да айтылды.

Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга айтылган кайрылууларды дыкат изилдеп чыгып, мыйзамдардын алкагында аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Садыр Жапаров жарандар көтөргөн кылмыш иштерин, мүлк талаштарын жана башка кайрылууларды кароодо мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана адилеттүүлүк принциптерин гана жетекчиликке алуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар