6 Ноябрь Бишкек +8°
Курстар USD 87.53 -0,07% EUR 98.30 -0,13% RUB 1.07 +0,10% KZT 0.1943 +0,27%
Соңку билдирүүлөр
7-ноябрга карата аба ырайы. Кайсы аймакта кар жаап, кайсы аймакта күн ысыйт?

7-ноябрга карата аба ырайы. Кайсы аймакта кар жаап, кайсы аймакта күн ысыйт?

• 1 мүнөт окуу • 11 көрүү

Zobolo — Бүгүн, 7-ноябрга караган түнү Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшөрү күтүлүүдө. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми күндүзү өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын күндүзгү температурасы:

  • Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында: +20…+25 градус;

  • Талас өрөөнүндө: +15…+20 градус;

  • Ысык-Көл облусунда: +9…+14 градус;

  • Нарын чөлкөмүндө: +8…+13 градус жылуу болот.

Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында абанын температурасы +22…+24 градуска чейин жылыйт.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар