21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Депутаттар айыл чарба министрлигин катуу сынга алышты

Депутаттар айыл чарба министрлигин катуу сынга алышты

• 1 мүнөт окуу • 451 көрүү

Zobolo — Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдагы жазгы-талаа жана чарбалык иштерине даярдыгы тууралуу маалыматы угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Министрдин орун басары Асылбек Сатывалдиев сугат суу, үрөн, жер семирткич, техника жана каржылык колдоо багытындагы иштерге токтолду. Талкуу учурунда депутаттар күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы, сугат суу көйгөйлөрү, картошка экспорту жана бааларды турукташтыруу, ошондой эле агросектордун ички дүң продукциянын (ИДП) төмөндөшү сыяктуу курч маселелерди көтөрүштү. Жыйындын соңунда министрликтин маалыматы эске алынды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар