21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Бишкектеги тойдо конверт толгон сумка уурдалып, милиция иликтөө иштерин баштады

Бишкектеги тойдо конверт толгон сумка уурдалып, милиция иликтөө иштерин баштады

• 1 мүнөт окуу • 843 көрүү

Zobolo — Бишкектеги тойканалардын биринде коноктордун кошумчалары салынган чоң суммадагы акча уурдалды. Бул тууралуу социалдык тармактарда бир апта мурун үлпөт тою өткөн келин айтып чыкты.

Свердлов райондук милициясынын маалыматы боюнча, окуя 10-ноябрда Аламүдүн-1 кичирайонундагы ресторандардын биринде болгон. Белгисиз адам ичинде дээрлик 1 миллион сомго жакын акчасы бар сумканы из жашырып кеткен. Бул факты боюнча милицияга Д.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактап, аны кармоо боюнча баардык зарыл ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар