Бишкекте Даниэль Ажиевдин апасы катышкан жол кырсыгы катталды
Zobolo — Бишкекте «Лексус» жана жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады. Кырсыкка Даниэль Ажиевдин апасы тиешелүү экени айтылууда.

Карапатруль милиция башкармалыгынын маалыматы боюнча, 18-ноябрда түшкө жакын саат 14:00 чамасында «Лексус» унаасынын айдоочусу Садырбаев көчөсү менен түштүк багытында бара жатып, Кара-Коо көчөсү менен кесилишинде ошол эле багытта бара жаткан «Хово» жүк ташуучу унаасы менен кагышкан.
Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
Учурда жол кырсыгынын бардык жагдайлары жана себептери такталууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
230
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү