Бишкекте 10 жаштагы Азирет Рустамов изделип жатат
Zobolo — Бишкек шаарында 10 жаштагы Азирет Рустамов дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан (РИИБ) билдиришти.
Маалыматка караганда, өспүрүм 15-ноябрь күнү кечинде Эркин-Эл көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери:
-
Бою болжол менен 145 сантиметр;
-
Арык чырай;
-
Чачы сары.
Кийген кийимдери: кара спорттук кийим, көк шым жана кара кроссовка.
Милиция кызматкерлери баланын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0553 102 123, 0700 669 334 же 102.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
229
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү