Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусун тапанча менен коркутууга шектелген жаран кармалды
Zobolo — Бишкек шаарында маршруттук таксинин айдоочусун коркуткан видеонун каарманы милиция тарабынан кармалды.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматы боюнча, окуя Чыгыш автобекетинин аймагында — Осмонкул жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Социалдык тармактарда белгисиз бирөө сумкасынан тапанчага окшош буюмду алып чыгып, коомдук транспорттун айдоочусун коркутканы тартылган видео тараган.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, милиция кызматкерлери ыкчам чара көрүштү. Натыйжада шектүү катары 47 жаштагы Н.Б. аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилди.
Териштирүү учурунда видеодогу тапанчага окшош буюм сигналдык тапанча экени аныкталган. Жыйынтыгында аталган жаранга карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Источник: Масс-медиа Zobolo
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү