Суусамыр өрөөнүндө сазга тыгылып калган жаран аман-эсен куткарылды
Zobolo — 11-ноябрга караган түнү Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Сандык жайлоосунда оор кырдаалга кабылган адам куткарылды.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "112" кызматына 48 жаштагы жаран аты менен бирге сазга тыгылып калганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ӨКМдин Жайыл райондук бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган.
"ӨКМ кызматкерлеринин ыкчам жана кесипкөй аракеттеринин аркасында жардамга муктаж болгон жаран аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
230
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү