21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Көчөдө бара жаткан эки баланы пневматикалык мылтык менен аткан шектүү кармалды

Көчөдө бара жаткан эки баланы пневматикалык мылтык менен аткан шектүү кармалды

• 1 мүнөт окуу • 413 көрүү

Zobolo — Чүй облусунда жөө жүргүнчү балдарга пневматикалык куралдан ок чыгарган жаран кармалганын Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Билдирмеге ылайык, окуя 17-ноябрда кечки саат 18:30 чамасында болгон. Чүй райондук ооруканасына 13 жана 11 жаштагы эки бала октон алган жаракаттары менен кайрылганы тууралуу милицияга кабар түшкөн.

Аталган факты Чүй РИИБинде катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Т.У. аттуу жаран колго түшүрүлдү.

Шектүү милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 4,5 мм калибрдеги «Hatsan AirTact» үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыкты өткөрүп берген. Сурак учурунда ал көчөгө чыгып, ары-бери өткөн адамдарды бутага алып атканын мойнуна алган.

Учурда шектүү жаран Чүй РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар