Кара-Сууда 24 жумушчунун эмгек акысын бербеген чет өлкөлүктөр кармалды
Zobolo — Бүгүн, 17-ноябрда Кара-Суу шаарындагы Туратали базарында соода борборун курууга жалданган 24 жергиликтүү тургундун эмгек акысын төлөбөй койгон коңшу өлкөнүн эки жараны кармалганын облустук милиция билдирди.
Билдирмеге караганда, 1989-жылы туулган М.Ю. жана 1981-жылы туулган К.О. аттуу жарандар курулуш иштерине жумушчуларды тартып, эмгек акысын төлөп берүүнү убада кылышкан. Бирок жумуш аяктагандан кийин ар кандай шылтоолор менен акчаны бербей, жоопкерчиликтен качып жүрүшкөн.
Бул факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыян 1 миллион 920 миң сомду түзөт. Учурда тергөө амалдары уланууда,- деп белгиледи мекеме.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү