Кымбаттайбы? Кыргызстанга кумшекер импорттоого жарым жылдык тыюу салынды
Zobolo — Кыргызстанда кумшекерди сырттан импорттоого жарым жылдык чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, бул чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ички рынокту турукташтыруу, ата мекендик кант рыногун өнүктүрүү жана тармактын кайра иштетүү базасын сактап калуу максатында кабыл алынды.
Ошол эле учурда тыюу салуу төмөнкү иштерге тийиштүү эмес:
-
кумшекерди транзит аркылуу өткөрүүдө;
-
кайра экспорттоодо;
-
«экстра» сортундагы кумшекерди ташып келүүдө;
-
буга чейин темир жол аркылуу жөнөтүлгөн жүктөргө бул чектөө коюлбайт.
Мындан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкөгө кумшекерди мыйзамсыз алып келүүгө каршы катуу көзөмөл жүргүзүү тапшырылды.
На русском языке:
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын элчиси менен салык чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулады
Zobolo
178
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү