Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилди
Zobolo — Кыргызстанда Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул чечим мамлекет башчысынын «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле балык чарба көлмөлөрүндөгү балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында кабыл алынды.
Документке ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти үч жылдык мөөнөткө балык уулоочу документтерди берүүнү убактылуу токтотот. Бирок төмөнкү учурлар бул чектөөгө кирбейт:
-
балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча пландык иштер;
-
ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо;
-
балыктардын жергиликтүү (аборигендик) өнөр жайлык эмес түрлөрүнүн санын жөнгө салуу боюнча мелиоративдик иштер;
-
илимий-изилдөө иш-чаралары жана ихтиологиялык мониторинг.
Ошондой эле профилдик министрлик мораторий учурунда көлдөрдү балыктандыруу, форель, сиг-лудоган жана карп-сазанды жасалма жол менен көбөйтүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп, ар жыл сайын 30-декабрга чейин Президенттин Администрациясына отчет берип турат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү