21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Коомдук жайларда чылым чегүүгө каршы рейд жүрдү

Коомдук жайларда чылым чегүүгө каршы рейд жүрдү

• 1 мүнөт окуу • 313 көрүү

Zobolo — Свердлов районунда Кыргыз Республикасынын №121 «Табак түтүнүнөн коргоо жөнүндө» Мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Иш-чара район башчысынын биринчи орун басарынын жеке жетекчилиги астында, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулду.

Текшерүүлөр тамактануу жайларын, соода борборлорун, парктарды жана коомдук транспорттун аялдамаларын камтыды. Рейддин жүрүшүндө белгиленген талаптарды бузуу фактылары, атап айтканда, коомдук жайларда тамеки, кальян жана электрондук тамекилерди (вейптерди) чеккендер, ошондой эле аларды сактоо жана сатуу эрежелерин бузган учурлар аныкталды.

Рейддин жыйынтыгында мыйзам талаптарын бузган жеке жана юридикалык жактарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды. Соода түйүндөрүнүн жана коомдук тамактануучу жайлардын жетекчилерине кальян жабдыктарын демонтаждоо жана мыйзам талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Борбор калаа мэриясы табак түтүнүнөн коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдын талаптарын сактоо ар бир жаран жана ишкер үчүн милдеттүү экенин эскертет. Мындай рейддик иш-чаралар туруктуу негизде улантылат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар