21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
15 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

15 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

• 1 мүнөт окуу • 55 көрүү

Zobolo — «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркында 15 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу Аскер прокуратурасы тарабынан шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Тергөө учурунда өспүрүмдү куткаруу иш-чаралары канчалык өз убагында жана жетиштүү деңгээлде жүргүзүлгөнү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин аракеттерине толук баа берилип, иликтенет.

Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты.

Өкмөттөн белгилегендей, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү тутумун жакшыртуу маселеси өлкө жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө болот.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар