Президенттикке талапкерлигимди коём! Айдай Таберик маанилүү билдирүү жасады
Zobolo — Социалдык тармактарда активдүүлүгү менен таанымал болгон Айдай Таберик Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин коюуга даяр экенин ачык жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн соцбаракчасы аркылуу билдирүү таратты.
Айдай Таберик көп жылдар бою өлкө сыртында жашап жана иштеп келгенине карабастан, Кыргызстандын тагдырына эч качан кайдыгер карабаганын баса белгиледи.
Кандай бийлик болбосун, кандай жагдай жаралбасын, мен сиздер менен күнүгө болуп, угуп, колдоп, кызыкчылыктарыңызды коргоп келдим. Бир дагы саясий партияга кошулган жокмун, өзүмдүн партиямды түзгөн жокмун жана кандайдыр бир кызматка жетүү үчүн саясий колдоочуларды издеген жокмун, — деди ал.
Билдирүүдө буга чейин жарандардын укуктарын коргоп, коррупциялык схемаларды ашкерелеп, билим берүү тармагына жана калкка көмөктөшүп келгени айтылат. Анын айтымында, бул чечимди кабыл алуу оңой болгон жок, бирок ал элинин көптөн бери берип келе жаткан суроосуна жооп катары ушундай кадамга барууда.
Эгер кандайдыр бир себептер менен шайлоого катышууга уруксат берилбесе, бул мен үчүн дүйнөнүн акыры болбойт. Мен өз жашоомду саясий кызматтар менен өлчөбөйм. Бирок сиздерге бир нерсени көрсөткүм келет: сиздердин тандоо мүмкүнчүлүгүңүздөр бар экенин, — деп белгилейт Айдай Таберик.
Ал ошондой эле өзгөрүүлөр президенттин алмашуусу менен эле келбей, ар бир жарандын жоопкерчилигинен башталарын белгилеп, мекендештерди биримдикке жана активдүү болууга чакырды.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү