21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Мурдагы депутат Дүйшөн Төрөкуловдун иши боюнча сот өкүмү чыгып, сот залынан бошотулду

Мурдагы депутат Дүйшөн Төрөкуловдун иши боюнча сот өкүмү чыгып, сот залынан бошотулду

• 1 мүнөт окуу • 112 көрүү

Zobolo — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкуловго карата сот өкүмү чыгып, ал 100 миң сом айып пул менен сот залынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төрөкулов Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча күнөөлүү деп табылган. Тиешелүү өкүм үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында чыккан.

Эске сала өтсөк, Дүйшөн Төрөкулов июнь айында кармалып, башында ага «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же катышуу» беренеси боюнча айып тагылган эле. Ал эми Ички иштер министрлиги кармоо учурунда анын автоунаасынан психотроптук зат болушу мүмкүн деп болжолдонгон 5 грамм зат табылганын маалымдаган болчу.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар