Максат Кунакунов кайсы күнөөсү үчүн айыпталып жатат? Милиция маалымат берди
Zobolo — Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы мурдагы депутат Максат Кунакуновдун эмне себептен кармалганы боюнча расмий маалымат таратты.
Милициянын билдирүүсүнө ылайык, И.Т. аттуу жаран У.Ы. аттуу адамдын үстүнөн арыз менен кайрылган. Анда ал ишенимге кирип, Бишкекте базар куруу жана соода орундарын берүү шылтоосу менен ири суммадагы акча каражатын алдап алганын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөдө аныкталгандай, келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 3 миллион 450 миң АКШ долларын (же 301 миллион 702 миң 500 сомду) түзгөн.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында У.Ы. жана М.К. (Максат Кунакунов) аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийинчерээк Биринчи Май райондук соту аларды камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда тергөө амалдары уланып жатат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү